Бала жөнүндө баарын билесизби?

27-Июль 2017, Бейшемби

"Дүйнө жүзүндөгү ымыркайдын баары бирдей тилде сүйлөшөт" деген сөз чынбы?

Туура, анткени бала алты-жети айга чейин музыканы, өз эне тилин ажырата алышпайт.

Түйүлдүктүн көрүү органы канча жумалык кезинен баштап иштейт?

25 жумадан кийин

Бала кызамык оорусуна алты айлык кезден кийин гана кабылат, себеби:

Алты айга чейин энесинин иммунитети менен жүрөт.

Дүйнө жүзүндөгү эң оор салмактагы наристе 1955-жылы Италияда жарык дүйнөгө келген. Ымыркай канча салмакта төрөлгөн?

10, 2 килограмм

Психологдор эмне себептен наристени атасына көп окшоштурушат?

Жаратылыштын амалкөй кылтагынын бири, анткени эркек баланы өзүнө көбүрөөк окшоштурушуп, баласына болгон жоопкерчиликти көбүрөөк сездиргиси келет.

Кош бойлуу кезде эненин да, баланын да ден соолугуна коркунуч алып келе турган азык?

Цитрус жемиштерин жегенге болбойт, себеби бала аллергия болуусу күтүлөт.

Эркек бала бойго бүтүү үчүн кайсы тамактарды көп колдонуу зарыл?

Калий менен натрийге бай азыктарды.

Беш айлык балага кандай кыймылдар мүнөздүү?

Беш айлык кезинде жакын адамдардан чоочундарды айырмалай алат.

Төрөттөн кийинки депрессияга австриялык окумуштуулар кандай ыкма табышкан?

Сүйүктүү музыканы угуу жакшы жыйынтык алып келет.

3-4 жаштагы балдар бир күндө канча сөз айтып, канча суроо беришет?

12 000 сөз айтып, 900гө жакын суроо беришет.

Швециянын мыйзамы боюнча канча жашка чейинки балдарды жарнамага тартууга тыюу салынган?

12 жашка чейин

Эне сүтүнүн курамында канча пайыз суу, углевод жана май бар?

87% суу, 7% углевод, 4% май

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!