Кош бойлууларга кеңеш

4-Авг. 2017, Жума

Кош бойлуулар бутун учкаштырып отруса болбойт деген кептер бар. Бул пикирди «баланын буту кыйшык, же ийри болуп калат» деген мааниде түшүндүрүү менен катар кош бойлуу кезде учкаштырып отуруу варикозго алып келет деген кептер да айтылат. Ошентип, бул айтылган сөздөр канчалык деңгээлде чын?

Адистердин пикири боюнча, акыркысы бекер сөз эмес. Анткени, Бостон медицина борборунда адистер болочок энелерге арнап жазган «A Guide to Pregnancy, Birth and Babies» брошюрасында акушерлер кош бойлуу аялдардын 7 менен 9-чу айлар аралыгында бутун учкаштырып көп отурбоого кеңеш беришет. Кош бойлуу кезде дененин массасы оорлоп, шишип жүргөндүктөн, кан тамырларга кошумча оорчулук түшөт.

Ошондуктан төмөнкү жактын кан айлануусу туура болушу үчүн мүмкүн болушунча бутту кайчылаштырбай отурууга көнүңүз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!