Балаңыздын ийгиликтүү болушун кааласаңыз

7-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Бала тарбиялоо үчүн чоң жоопкерчилик менен даярдык керек. Чоңойуп келе жаткан балага эмне айтуу керек? Анын туура жетилүүсү үчүн эмне кылуу керек? Сиз бар болгону төмөнкү ыкманы билүүңүз керек?

“Мен сага ишенем”

Ар бир эне баласына ишенээрин, анын колунан көп нерсе келээрин ар дайым айтып туруусу керек. Бала жаштайынан өзүнө ишенимдүү болуп өссө, табыштуу болот. Буга далил катарында көп нерсе келтирүүгө болот. Эсиңизге түшүрүп көрүңүз, сизди курчап турган адамдардын кандай сыры бар? Анын ата-энеси менен карым-катнашы кандай?

“Эч качан жеңиштен баш тартпа”

Эгер бала бир оюн, конкурста жолу болбой, жеңилип калса, аны урушунун кажети жок. Тескерисинче, андан ары күчтөнтүп, чабыттандыруу керек.

“Сенин колунан келет”, “жеңишке умтул”, “бир күнү жемишин көрөсүң” деп канааттандырууга тырышыңыз. Ошону менен бирге проблеманы чечүүнүн көп жолу бар экенин айтыңыз.

“Биз тажрыйба аркылуу үйрөнөбүз”

Балаңыз кыйындыктар менен катачылыктардын калыптуу нерсе экенин түшүнө билүүсү керек. Катачылыктын да бир пайдасы бар экенин түшүндүрүңүз.

“Ар бир табыштуу адам сен сыяктуу шакирт болот”

Балаңызга ар миллионер, табышкер адамдын да бала, шакирт болгонунун айтыңыз. Бала катачылык кетирүү да кадыресе нерсе экенин тушүнүүсү керек. Максатка жетүү жолундагы ар түрдүү сыноолорго даярдаңыз. Табыштуу, бактылуу болгусу келсе, чыдамкай, максатына бекем болуу керек экенин айтып, түшүндүрүңүз.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!