30 жаштан ашканда кош бойлуу болгон аялдар узак жашашат

21-Авг. 2017, Дүйшөмбү

Португалиянын окумуштуулары тун баласын 30 жаштан ашкандан кийин көз жарган аялдар көп жашашаарын маалымдашты. Бул тууралуу “life.ru” сайты кабарлады.

Окумуштуулар кош бойлуулукту кийинкиге калтыра берген аялдар үчүн жакшы кабар ачышты. Алар тун баласын 30 жаштан ашканда төрөгөн аялдар, жаш энелерге караганда узак жашашаарын далилдешти. Изилдөө натыйжасы “Journal of Public Health” басылмасына жарыяланган.

Алардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, кеч боюна бүткөн аялдар генетикалык жактан узак жашоого таасир берери байкалган. Бирок, адистер кош бойлуулукту кийинкиге калтыра берүүгө болбооорун эскертишет. Себеби 30 жаштан кийин бала көтөрүү мүмкүндүгүнүн да азаюуусу артаарын да белгилешкен.

Окумуштуулар маалыматы боюнча, бул болочок энелерге турмуш деңгээли менен өмүр сүрүү салтына да байланыштуу болоорун белгилешти. Анткени билимдүү жана бардар турмушта жашаган аялдар башкаларга караганда баланы кеч төрөшөт.

Ошол себептен алар дени сак жашоо образын карманып, медициналык көзөмөлдөн өтүп турушат. Ошондуктан алардын жалпы өмүр сүрүүсү узарат.

Салыштырмалуу түрдө 20 жашында кош бойлуу болгон аялдар ден соолуктарына көп маани бере бербегендери аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!