Бала тили бал

25-Авг. 2017, Жума

Кээ бир бөбөктөрдүн тили кеч чыгып, кеч сүйлөй баштайт. Ал эми кээ биринин тили булбулдай сайрап эрте чыгат. Бирок ал учурларда тили чыкканы менен ар бир сөздү так жана туура айтып бере албагандан кийин, алар бөбөк тилинде бир нерселерди айтып, түшүндүрүүгө аракет кыла баштайт. Ата-энелер бал тилдүү баласынын сүйлөгөн ширин сөздөрүнө жетине албай аны менен бирге бөбөк тилинде сүйлөй баштайт. Үй шаңга бөлөнүп базарга айланат. Сиз канчалык бактылуу болсоңуз да, бөбөгүңүздүн тилинин өнүгүүсүн алга жылдыруунун ордуна артка тартып жатканыңызды эске албайсыз. Балаңыз ата же апа сөзүн туура эмес колдонуп жатса, ошого магдырабай, тескерисинче сөздү оңдоп-түздөө керек. Мисалы, "мага бер", деген сөздүн ордуна "мага бей" деп жатса, туурасын айтуу зарыл. Баланы тарбиялоо ата-эненин милдети. Андан тышкары, кеч сүйлөгөн балдар болсо, сөз менен айтып түшүндүрө албагандан кийин, алар кыймыл-аракет аркылуу түшүндүрүүнү каалашат. Мисалы, бөбөгүңүз суу ичкиси келсе, айтып олтурбастан стаканды колу менен жаңсап көрсөтөт, андан кийин аны иче тургандыгын түшүндүрүүгө аракет жасайт. Аны менен ата-эне баланын эмне каалап жаткандыгын түшүнүп, айтканын аткарышат. Бирок бул жаңылыштык экенин билишсе да аны оңдоонун жолун табышпайт. Аны менен катар, бала тил үйрөнүүгө аракет кылбай жалкоо боло баштайт. Албетте, сууну колу менен жаңсап койсо, маңдайына суу келе калса, оюнчукту көрсөтсө ал да даяр болсо, балага жагат жана сүйлөөгө аракет кылбайт.

Аны алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Төрөлгөндөн тарта бөбөгүңүзгө жылуу жумшак мамиле кылыңыз. Андан тышкары аны өзүнүн ысмы менен чакырыңыз. Анын жанында унчукпай эле тура бербей, аны менен маектешиңиз, же ага карата көбүрөөк сүйлөңүз. Балаңыз сөз, үндү ажыратууну үйрөнгүдөй болушу керек. Уктоочу бөлмөсүнө жана бешигине ар кандай түстөгү мукам үндүү оюнчуктарды асып коюңуз. Андагы чыгып жаткан үндөргө жана кыймылдарга маани берсин. Төрт айдан кийин анын оюнчуктарды кармоосуна мүмкүнчүлүк түзүңүз. Жалгыз жарым калтырбоого аракет кылыңыз. Бир киши менен болсо да бир канча сөз үйрөнөт. Кечки тамакка олтурган учурда балаңыз сиз менен чогуу болсун. Кичине болсо да аны менен ойногонго аракет кылыңыз. Бул балаңыздын бардык нерселерди үйрөнүүсүнө шарт түзөт. Ага көбүрөөк ыр ырдап бериңиз, жомок айтыңыз. Андан тышкары жеңил жана бөбөктөргө ылайыктуу музыкаларды угузуңуз. Ыйлабасын деген шылтоо менен баланы телевизордун маңдайына олтургузуп коюу туура эмес. Андан сиз балаңыздын эрте сүйлөөсүнө жана акыл-эсине зыян келтирип жаткан болосуз. Ал эми 1,5 жашка келгенден кийин аны өзү менен тең балдар менен чогуу ойноосуна шарт түзүңүз. Керели кечке үйдө олтуруудан балаңыз тажап, кыйналып кетиши ыктымал.

2 жаш, суроону мөндүрдөй жаадырган учур

Бул жашта балаңыз басууга, чуркоого даяр болгон кез. Эки жашында бардык нерсеге кызыгып, тынч турбаган тентек балага айланат. Чуркайт, жыгылат, бир жерин көгөртөт, кайра чуркайт, тепкичтен ылдый түшүп чыгат. Кечинде чарчап келет. Аны менен катар, жөн эле ойноп жүрө бербестен бал тили кечке чейин сайрайт. Жөн гана сайрабай, кызыккан нерсени билүүгө жасаган аракети катары суроону мөндүрдөй жаадырат. Албетте бул курактагы жаш баланын суроо берчү убагы. Мындай учурда ата-энелер туура жана түшүнүктүү кылып, жооп берүүсү зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!