Кышында кош бойлуу айымдарга кеңеш

13-02-2017

Кош бойлуу убакыты кыш айларына туура келип калган учурда сасык тумоо сыяктуу ооруларга кабылып калуу коркунучу болот. Бул мезгилде иммунитет бекем болуп, түрдүү оорулардан алыс болуп жана денинин сактыгына көңүл бөлүү керек. Бул мезгилде эмнелерден абай болушу керек, ден соолугун кандай күтүү керектиги жөнүндө сөз болмокчу.

Витаминдештирүү

Боюнда бар кезде алма, алмурут, жүзүм жана курма сыяктуу жер жемиштер менен организмди камсыздоо зарыл. Витамин жана минералдарга бай кышкы мөмө жана жер жемиштер эненин жана баланын ден соолугу үчүн чоң роль ойнойт. Кыш айларында күнүмдүк витамин, протеин жана минералдар жетишсиздигин толуктап туруусу керек.

Кош бойлуу мезгилде кальцийди толуктоо үчүн балык зарыл

Жүктүүлүк маалында энеден балага жакшы заттар барыш үчүн балыктын этин көбүрөөк колдонуш керек. Балыктын курамындагы омега 3 майы жана Д витамини баланын денесинин өөрчүшүнө жана нерв системасынын калыптануусу үчүн маанилүү. Кыш мезгилинде балык жеткиликтүү болгондуктан көп-көптөн жеп туруу зарыл.

Болочок энелер бул убактарда суусундуктарды көп ичип турушу керек. Суусабагандай сезилиши мүмкүн, бирок бир күндө 2 литрге жакын суу ичип туруу шарт. Суусундуктарга сүт, жаңы сыгылган мөмө жемиш суулары жана компоттор кирет. Компоттун курамындагы шекердин мүмкүн болушунча аз болуусу керек.

Кир аба балага зыян берет

Сасык тумоо инфекциялары күчөгөн мезгилде, суук аба ырайы жана жабык мекемелерде болуу ооруну чакырат. Аба алмашуу жеткиликтүү деңгээлдеги жабык бөлмөлөр жана элге жык толгон жерлер абанын кирдешине жана ооруну козгоочу жайларга айланат. Үйдү тез-тез желдетип туруу кажет, анткени жаңы курулган үйлөрдө жылыткычтар абаны кургатып жиберет.

Жылуу кийинүү керек

Кош бойлуу кезинде көңүл буруучу нерселердин бири бул – кийим. Кыш айларында болочок апалар бир эле калың кийимдин ордуна кат-кат болгон жумшак жана жибек кездемеден тигилген кийимдерди кийсе жакшы болот. Өзгөчө суук абага чыккан маалда тердетпеген бирок ошол эле убакта жылуу кармаган кийим болуусу керек. Башкача айтканда кыспай турган, кенен кийим-кечелерди кийүү зарыл. Бут кийим тандоо да энелерге өтө маанилүү маселе. Кар жана муздан тайгаланбаган, бутка ылайыктуу, жалпак такалуу болушу абзел.

Күнүнө 1 саат таза абада болуу

Боюнда болгон биринчи күндөн тарта эле кош бойлуу эне таза абага көбүрөөк чыгып, сейилдөө керек. Ошондой эле тиешелүү гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоо да ашыкча кылбайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!