Кош бойлуулук учурундагы талгак

14-Сен. 2017, Бейшемби, 10:24

Кош бойлуулук учурундагы талгактан ар бир экинчи аял жабыркайт. Көңүл айнуу, кусуу, тамактан баш тартуу... Мына ушул талгактын келип чыгуу себептери, аны менен кантип күрөшүүнүн жолдору төмөндө.

Талгактын себептери

Кош бойлуу аялдардагы талгак - өтө эле кеңири жайылган түшүнүк болгонуна карабай аягына чейин изилдене элек. Медиктер кош бойлуу аялдагы талгактын так себебин ушул убакка чейин айта алышпайт. Ошентсе да бир нече божомолдор айтылып келет.

1. Гормондордун өсүп кетүүсү. Кош бойлуулуктун алгачкы үч айындагы көңүл айнууну, кусууну жана башка ооруксунууларды болочок эненин организминде деңгээли жогорулап кеткен гормондор чакырат. Бул эң кеңири жайылган жана чындыкка жакын божомолдордун бири.

2. Жаңы организмге көнүү. Талгак - эненин организминин өзү үчүн жат нерсе болгон түйүлдүк менен күрөшүүсү. Өзүндө жаңы организмдин өсүүсүнө көнбөгөн организм аны зордук менен бөлгөнгө аракеттенет.

3. Талгак - коргоочу. Кош бойлуу аял алкоголдун жытынан же тамекинин түтүнүнөн көңүлү айныйт. Бул жаратылыштын баланы зыяндуу заттардан коргоосу деген да божомол бар.

4. Эмоция. Стресске көп кабылган аялдарда талгак катуу болот деген да божомол бар. Кош бойлуулук учурундагы талгакка байланышкан дагы бир кызыктуу байкоо жүргүзүү бар: балалуу болууну чын дилинен күтүп, өздөрү каалап боюна бүтүргөн аялдарда талгак жеңил болот. Ал эми күтүлбөгөн жерден боюна бүтүп калып, муну өзү көп деле каалаган эмес болсо, анда ал аялда талгак оор болот.

Талгактын бөлүнүшү

Кош бойлуу аялдардагы талгак эки чоң топко бөлүнөт : эрте келүүчү талгак жана кеч келүүчү талгак. Эрте келүүчү талгак - алгачкы он эки жумада гана болот. Ал эми кеч келүүчү талгак кош бойлуулуктун 32-36-жумаларында пайда болот. Талгактын бул түрүндө аял врачтын жардамына муктаж болот.

Ошондой эле талгактын үч даражасы болот: жеңил, орточо, күчтүү.

Жеңил даражадагы талгак күнүнө 4-5 жолу кусуу менен мүнөздөлөт. Эне анча-мынча салмак жоготушу мүмкүн, бирок, баланын өнүгүүсүнө, анын төрөлгөндөгү салмагына талгактын бул даражасы эч кандай таасир этпейт.

Орточо даражадагы талгакты башынан өткөрүп жаткан аял суткасына 10 жолкуга чейин кусушу мүмкүн. Мындай учурда болочок эненин абалы начарлайт: алсырайт, көңүлү чөгөт, бир топ салмагын жоготот. Айрым учурларда дене табы көтөрүлөт, кан басымы түшөт.

Күчтүү даражадагы талгак сейрек кездешет. Мындай талгакка туш болгон аял күнүнө жыйырма жолудан кусат, организминде тамак кармалбайт. Бул аял жумасына 2-3 килограмм салмак жоготот. Мындай учурда аялга сөзсүз түрдө врачтардын көзөмөлүндө болуп, дарылануу зарыл.

Талгак менен күрөшүүнүн ыкмалары

Эрте келүүчү талгак менен күрөшүүдөгү күн тартиби жана тамактануу

Күнүнө жок дегенде жарым сааттан сейилдегенге аракет кылыңыз.

Организмиңиз эмнени талап кылса баарын жей бериңиз. Болгону жеген тамактарыңыз жеңил сиңе турган, витаминдүү тамактар болууга тийиш.

Ар бир 2-3 саатта тамак жеп туруңуз, бирок, аз-аздан.

Суюк, өтө ысык эмес тамактарды ичүүгө аракет кылыңыз.

Тамак ичкен соң бир нече мүнөт жата туруңуз.

Суюктукту көп ичиңиз. Суюк демделген көк чай, жемиш ширелери, газдалбаган минералдык суу жакшы.

Майлуу жана ачуу тамактардан мүмкүн болушунча баш тартыңыз.

Жалбыз - көңүл айнууга каршы жакшы каражат. Жалбыз кошулган сагыз, жалбыздуу чай колдонсоңуз болот.

Кескин жыттуу дезодорантты, самынды колдонуудан баш тартыңыз, атүгүл кээде сүйүктүү атырыңызды да колдонбой турууга туура келет.

Эртең мененки кусуунун алдын алууга аракет кылыңыз. Ал үчүн ойгонгон соң төшөктөн турбай туруп сухарик же сыр менен кичинекей бутерброд жеп алыңыз.

Тамактанган соң кескин кыймылдарды жасабаңыз, башкача айтканда, отургучтан ыргып түшпөңүз же төшөктөн ыргып турбаңыз, эңкейбеңиз. Жөн гана туруп туруңуз же ары-бери басыңыз. Отуруп же жатып алганда желген тамак ылдый түшпөйт, а ылдый түшпөгөн тамак көңүл айланууну чакырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!