Дене табын кантип түшүрүүгө болот?

25-01-2017

Баланын кокустан ооруп калышы, дене табынын көтөрүлүшү сыяктуу оорулар айыкканга чейин бир топ түйшүктү жаратышы ыктымал. Балаңыздын дене табы көтөрүлүп, жогорку даражаны көрсөтсө дароо көзөмөлдөө жүргүзүү кажет. Бир жашка чейинки балдардын дене табы туруктуу болбой өзгөрүлүп турат. Дене табынын көтөрүлүшү ич өткөктө, суук тийүүгө, ангинага, жугуштуу ооруларга, тиш жарганга, аллергияга, күн өткөндө жана башкаларга байланыштуу болот.

Дене табы кантип өлчөнөт?

Кулак, тил асты, жамбашы жана колтук дене табын өлчөөчү жерлер. Колтук алдындагы температура башка дене бөлүктөрүнө караганда 0,5ºC даражага ылдый көрсөтөт. 2-2,5 жаштан кичине балдарга тилине салып өлчөө кыйынга турат. Кулактагы дене табы бир канча секунд ичинде ишеничтүү өлчөм көрсөтөт. Бирок градусниктин учу кулак каналына коюу бир аз кыйынчылык жаратат. Үйүңүздө ар дайым градусник болушу шарт, анын жардамы менен балаңыздын дене табын өлчөп көзөмөлдөп турасыз.

Даража канчаны көрсөткөндө жогорку болот?

38 градустан ашпаса анда коркунуч деле жок жана тапты түшүрүү үчүн дары берүү керек эмес. Ал эми 38 градустан ашса анда дароо дене табын калыбына келтирүү зарыл. Себеби адам ооруп калганда организм оору менен күрөшүп, дене табы көтөрүлөт. Адамдын дене табынын нормаларын төмөндө көрүңүз:

1. Нормалдуу дене табы: 34,4-37,9

2. Ысык: 38,0-39,9

3. Жогорку температура: 40,0 жогору.

Эгер балаңыздын дене табы жогору эмес болсо, бирок оорусу кетпей жатса анда бир саат ичинде бир канча жолу температурасын өлчөңүз. Ал эми балаңыздын температурасы 38,0 менен 39,9 арасын көрсөтсө дене табын түшүрүүгө аракет кылыңыз. Балаңыздын температурасы 40тан жогоруну көрсөтсө тез арада доктурга кайрылуу керек.

Дене табын түшүрүүнүн ыкмалары:

1. Баланын температурасы көтөрүлгөндө анын титирөөсү нормалдуу көрүнүш. “Үшүгөндөн улам дене табы көтөрүлдү” деп үстүн кымтылабаңыз. Калың кийимдер дененин ысыгын тышка чыгарбай, баланын дене табын дагы жогорулашына алып келет. Ошондуктан, кийимдеринин баарын чечип, үстүнө жука шейшеп гана жаап койгон оң.

2. Үстү-башын чечинткенге карабай баланын температурасы 39ºC ны көрсөтсө тез арада дарыгерге кайрылыңыз. Дарыгерлер жеткенче температураны түшүрүү үчүн муздагыраак сууга жалаякты малып, аны менен баланын денесин ороп, сыртынан жука жууркан жаап коюу керек.

Ваннага жылуу сууну толтуруп, баланы 15-20 мүнөт ичине салып отургузуп, чалкалап жатуусуна жол бербөө керек. Сууну баланын башынан ылдый куйбай, жөн гана губканы суулап аны менен денесин акырындан сүртүүгө болот.

3. Парацетамол 4-6 саатта бир берилет. Ысык дене парацетамолдун жардамы менен 38,5 даражаны көрсөтсө, өлчөмүн 4 сааттан 3 саатка чейин кыскартуу керек.

Үч айга чейинки баланын дене табы көтөрүлсө...

Жаңы төрөлгөн балдарга инфекция менен күрөшүү абалы жетиштүү болбогондуктан оору күчөшү ыктымал. Баланын температурасы 38 градусту көрсөтсө дарыгерге көрсөтүп, өз алдынча дары бербөө керек.

Үч айдан кийин баланын дене табы көтөрүлсө...

Бала үч айдан өткөндөн кийин дененин ысышы инфекциялар менен күрөшүүчү маал болуп саналат. Баланын табы көтөрүлгөн сайын дарыгерге алып баруунун кажети болбойт. Жакшы көзөмөлдөө жүргүзүү менен баланын дене табын түшүрүүгө мүмкүн.

Кайсы учурда дарыгерге кайрылуу керек?

1. Эгер орто даража (38,0 - 39,9) 24 сааттан узак убакыт болсо, мурундан суу агып, жөтөл сыяктуу башка оору белгилер да байкалса анда дарыгерге кайрылуу керек.

2. Эгер температура 48 сааттан (2 сутка) узак түшпөсө жана ысыкты түшүрүүчү дарылар жардам бербесе, анда ооруканага алып баруу керек.

3. Эгер бир нерсе ичүүдөн баш тартып, ыйлаактап жана алсыз көрүнсө

4. Эгер баланын температурасы жогорулап колдору жана буттарынын алы жок болуп жана көздөрү аңтарылып калган абалда дароо дарыгерге алып баруу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!