Кош бойлуу убакта жардамга келүүчү өсүмдүк майлары

18-02-2017

Организмде май – күч кубаттын негизги булагы. Табигый майлар жаныбар жана өсүмдүк майы болуп бөлүнөт. Адамдын организминде түрдүү өлчөмдө болуп, энергетикалык мааниси чоң. Май денедеги жылуулукту бир калыпта кармап турат. Курамында органикалык эң керектүү болгон биологиялык заттар, фосфолипиддер, стериндер жана А, Д, Е – витаминдери ж. б. бар. Дүйнөдө 1300дөн ашуун май белгилүү.

Өсүмдүк майлары - адамдын тамактануусундагы негизги азыктардын бири. Алар кош бойлууларга кандай пайда алып келет?

Грек жаңгагынын майы кош бойлуулар үчүн пайдалуу, анын курамындагы Е витамини курсактагы баланын чоңоюшуна жана токсикозду азайтууга жардам берет.

Кунжут майы иммунитеттин жана организмдин бекем болушуна жардам берүүчү баалуу заттарды камтыйт. Ошондой эле кунжут майы организмге зыяндуу нерселердин кирип кетүүсүнөн сактайт.

Кедыр майынын курамындагы Е витамини генетикалык көз караш боюнча өтө маанилүү. Келечектеги баланын борбордук нерв системасынын калыптанышына көздүн көрүүсүн жакшыртууда жардам берет. Бала керектүү болгон заттар менен камсыз болуусуна жана зат алмашуу процессине пайдалуу. Бул курсактагы баланын баардык жактан өнүгүп өсүүсүнө жардам берет.

Зыгыр майын кош бойлуу аял күнүмдүк азык катары колдонсо, анда керектүү болгон май кислоталарын жана ашказандын функционалдуу иштөөсүн камсыздайт.
Кош болуу убакта ашкабак майынын керектөлүүсү нерв системасы жана уйкуну жакшыртат.


Ашкабак майы шишип кеткен убакта организмден ашыкча сууларды чыгарууга чоң жардам берет. Бул азык энелерге токсикоздон убагында натыйжалуу жардамчы болот. Бир чай кашыктан ар күнү колдонуу жетиштүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!