Сүйүктүү ата кандай болот?

24-Окт. 2017, Шейшемби, 11:37

Кыз баланын тарбиясында атанын ролу маанилүү. Ар бир ата кызына ишенимдүү, эр жүрөк, эмгекчил, жоопкерчиликтүү мүнөздөрү менен барктуу болушу керек.

Арак ичип, үйүндө уруш чыгарып, үй-бүлөсүнүн берекесин бузган аталар кездешет. Андай шартта өскөн баланын өмүрү кандай болот?

Мындай жашоо шартында өмүр сүргөн кыз бала эркектерден коркуп жашайт. Ичимдике мас болуп, оозуна келгенди сүйлөп, элдер менен кармаша берген атаны көрүп өскөн бала эрте чоңоёт. Үйүнүн башчысы болгон атасынан коркуп өскөн кыз балада «жалаң гана өзүмө ишенүүм керек, эркектерге ишенүүгө болбойт» деген көз караш калыптанат.

Ал эми туюк мүнөздүү кыздар мындай жагдайда ого бетер коркок, тартынчаак, уялчаак болуп өсөт. Бала кезинен көргөнү – ишенимсиз ата болгондуктан, жашоо оор болорун ойлоп, активдүү түрдө даяр болот.

Арак-шараптан толугу менен баш тартуу керек деп айтсак, аны уккандар аз болоору анык. Ошондуктан аны мезгили, өз орду менен, мас болгончо эмес, өзүңдү көзөмөлдөй алгыдай ичүү керек.

Бир мезгилде балаңызга назар салыңызчы кимди көрүп турасыз? Такылдаган, шайыр мүнөз кыздыбы же тартынчаак, коркок айланага жалтактап караган жандыбы? Кандай болгон күндө да, бул атанын тарбиясынын кесепети.

Атасы кызына өзүнө деген ишенимдүү мүнөздү орното билүүгө тийиш. Балаңыз сырткы келбетиңизден да, ички жан-дүйнөсүнүн сулуулугуна ыраазы болуусу керек. Ал үчүн сиз кызыңыздын сулуу, сымбаттуу экенин тез-тезден эсине салып туруңуз кажет. Сырткы келбетинен көрө жан дүйнө сулуулугунун маанилүү экенин, ушул заманда акыл менен ой-жүгүртүү керектигин түшүндурө билүүңүз абзел.

«Сен менин ханышамсың», «сен ушул үйдүн мактанычысың», «сен биздин үй-бүлөнүн сулуусусуң», «сен дүйнөдөгү эң акылдуу, сулуу, кызсың», «сенин колуңан баары келет», «сен эң таланттуу баласың» деген сөздөрдү күндө-күндө чын ниеттен айтып туруңуз. Ошондо болгону бир жуманын ичинде балаңыз таанылгыс өзгөрүп чыга келгенин байкайсыз. Анын сабагы, достору жана сиздер менен карым-катнашы жакшырып, жашоого деген кызыгуусу пайда болот.

Эмне үчүн десеңиз, себеби анын тиреги, баатыры, сүйүктүү атасы ага ошол сезимди уялатты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!