Балдарды акча кармоого үйрөтүү

2-Ноя. 2017, Бейшемби, 09:58

Кытай окумуштуулары бала тарбиясындагы изилдөөлөрүнө караганда балдарга 3 жаштан баштап акча таануу тарбиясын жүргүзүү ылайыктуу делет. Мында башкысы ар кайсы жаш куракка жараша тарбияны пландай билүүбүз керек.

3 жаштагы баланы түрдүү-түстүү акчаларды айырмалап, тааный билүүгө үйрөтүү зарыл. Мында акча кунун, кагаз акча, тыйын акчаны түрү боюнча жеке-жеке түшүндүрүү, колуна карматып сездирүү керек экен.

4 жаштагы балага адаттагы жөнөкөй заттарды. Мисалы: карандаш, оюнчук, азык-түлүк сыяктууларды акча менен сатып алууну үйрөтүү. (Албетте бул учурда ата-энеси баласы менен бирге болуусу керек. Бир жагы баланын үйрөнүүсүнө, экинчи жагынан соодагерлердин жаш баланы алдап кетүүсүнөн сактануу үчүн)

5 жаштагы балага акча талыкпаган эмгектин артынан келээрин жана акчага зат айырбаштоонун туура жолун үйрөтүү зарыл.

6 жаштагы балага акча берип санатуу, кагаз, майда-чүйдө нерселерди сатып акча табууну үйрөтүү кажет. “Өзүм эмгектенип тапкан акча” деген ынтызарды калыптандыруу керек.

7 жаштагы балага заттардагы жабыштырылган бааны көрүп түшүнүүгө жана колундагы акча менен салыштырып, жетпей турган болсо өзүнүн ошол затты сатып ала-албай турганын түшүндүрүү.

8 жаштагы балага колундагы акчасын жумшоо планын жасай аларын, дүкөнчү менен соодалашуунун деңгээлине жеткирүү.

9 жаштагы балага убактылуу акчаны үнөмдөп жумшоону, керектүү гана нерселерди сатып алуусун айтып жеткирүү керек.

10 жаштагы балага соода жарнамаларын баамдай аларын, баасы арзан, сапаттуу буюмдарды тандоого жана баасы ылайыктуу затты тандоого калыпташтырууу.

12 жаш жана 12 жаштан жогору балдарга чоңдор арасында соода-сатык, жеке өз ара акчаны үнөмдүү коротууну жана топтоо аркылуу өзүнүн белгилүү бир чоң буюмдарын алууга, соодалашууга үйрөтүү зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!