Бала бакчабы же үй тарбиясыбы?

24-02-2017

Бала 2-3 жашка чыкканда ата-эне "бала бакчага берсекпи же үйдө эле тарбияласакпы?" деп ойлоно баштайт. Анткени, көпчүлүк ата-энелерди бала бакчага барган бала тез-тез ооруйт, ойдогудай каралбайт, курсагы тойбойт деген фразалар ойлондурбай койбойт. Чындыгында эле ушундайбы? Негизи эле бала бакча эмнеси менен жакшы? Бала бакчага барган бала менен барбаган баланын өнүгүүсүндө кандай айырмачылыктар бар? Төмөнкү макала дал ушул суроолорго жооп берет.

Наристени бала бакчага канча жашынан берген оң?

Наристени бала бакчага берүү үчүн эң жакшы курак 3 жаш болуп эсептелинет. Анткени, ал ушул куракта өзүн курчап турган дүйнө тууралуу көп нерселерди билип калат. Наристенин өнүгүүсү үчүн дал ушул убакта чоңдордун жашоосун оюн аркылуу чагылдыруу эң маанилүү. Мисалы, доктур болуп ойноо, дүкөнчү-сатып алуучу болуп ойноо... Ал эми бул оюндарды өз алдынча алып кетүүгө баланын жашоосундагы тажрыйбасы жетишсиздик кылат. Оюнчуктар бөлмөдө толуп турса да үч жаштагы бала зеригип кетет. Анан оюнчуктарга ал туура эмес мамиле кыла баштайт: ыргытат, сындырат, бузат.


Толук кандуу ойногондон, оюндагы пикирлештердин жана каршылаштардын мамилесинен, жеңүүгө жана жеңилүүгө кабылуудан баланын өнүгүүсүндө ийгилик жаралат. Психологдор бала оюндун искусствосун канчалык жакшы өздөштүрсө, кийин анын жашоосу да татаал болбойт дешет.

Мындан тышкары бала бакча наристени башкалар менен мамиле түзүүгө үйрөтөт. Сүйлөшүү, мамиле түзүү тажрыйбасы эң жөнөкөй нерселерден башталат: чогуу тамактанып, чогуу уктоодон, чогуу пайдаланган оюнчуктардан. Бири-биринин бут кийиминин боосун байлоого жардамдашуу, оюнчуктарды ынтымакташып, бөлүшүп ойноо - бул келечектин пайдубалы. Ал эми бүгүнкү заманбап турмушта ар кандай адамдар менен мамиле түзүү жана сүйлөшө билүү канчалык маанилүү экендиги айтпасак да белгилүү.

Наристени бала бакчага кантип көндүрүү керек?




1. Балаңыздын ойлорун бала бакча тууралуу алдын ала даярдаңыз. Ага "чоң адамдардын баары иштешет, балдар да чоңойгондо жумушка барышат" деген сөздөрдү айтыңыз. Бул маанилүү нерсе, анткени, балдардын баары батыраак чоңоюуну каалашат. Ошондой эле балаңыз менен сейилдеп жүргөндө бала бакчага бараткан же келаткан балдарды жолуктуруп калсаңыздар, ага көңүл буруп, балаңызга анын бала бакчага баратканын айтыңыз.

2. Бала бакчадагы күн тартиби менен үйдөгү күн тартибинин дал келиши өтө маанилүү. Балаңызды аз дегенде бир ай мурун бала бакчанын күн тартибине өткөрүңүз: эрте тургузуп, түшкү тамакты өз убагында берип, уктатып.

3. Балаңыз менен бала бакча ойноңуз. Куурчакты же жумшак оюнчуктарды алып, бала бакчада кандай болсо, ошондой кылыңыз. Мисалы, бир оюнчук тарбиячы болот, калган майда оюнчуктар балдардын ролун аткарат. Балаңыз менен кошо оюнчуктарга эртең мененки тамакты берип, уктатып, кайра түшкү тамакты берип... Анан сөзсүз түрдө аны алып кеткени апасынын келгенине басым жасаңыз. Куурчак-эне өзүнүн баласын алып кетип жатканда аны мактасын. Өзүнүн жумушта болгонун, жумуштан чыгып баласына келгенин, бала бакчада эч ким калбай, кечинде баары кетээрин айтсын. Бул өтө маанилүү. Мына ушундай спектаклди күн сайын балаңызга көрсөтүңүз.

4. Бакчага жаңыдан бара баштаган балаңыздан эч качан "бакча сага жагып жатабы?" деп сурабаңыз. Эгер "жок" деп жооп берсе эмне кыласыз? Бала бакчага барууну милдети катары кабыл алсын. Жагабы-жакпайбы, баарыбир баруу керек. Анан сөзсүз түрдө ал өзүнүн милдетин аткарып, "жумушка" барып жатканы үчүн мактап туруңуз. Балаңыздын көзүнчө кимдир-бирөөлөр менен бала бакчаны талкууга алуунун кажети жок. Андан көрө ал жакта эмне болуп жатканына карабай, мактаңыз. Үйүңүзгө конок келгенде: "Бизде жакшы жаңылык бар. Биздин балабыз чоңоюп, атасына окшоп жумушка барып жатат",-деп балаңызга угуза айтыңыз.

5. Баланын алгачкы күндөрү бакчага бараар маалда ыйлап, чыргоолонгону кадимки көрүнүш. Бул жаман эмес, тескерисинче, баланын өзүнө жакпай жаткан нерсени ачык айтканы жакшы. Мындай учурда балаңызга: "балам, мен сени албетте, аяп жатам. Бирок, эмне кылабыз? Жашоо ушундай, чоңдор жумушка барыш керек, балдар бакчага, мектепке барыш керек",-деп түшүндүрүңүз. Адатта дал ушундай каршылыгын ачык билдирген балдар бакчага бат көнүп кетишет.

6. Биринчи эле күндөн баштап баланын ооруп калган учурлары кездешет. Мындай учурда ата-эне "жакшы карашпайт, ооруп жаткан балдарды кабыл алышып, башка балдарга инфекция жуктурушат" деп тарбиячыларга нааразы боло башташат да, баласын башка бакчага орноштуруу аракетин көрө башташат. Бирок, кайра эле ошол көрүнүш кайталанат. Анткени, бул жерде күнөө бала бакчада эмес, баланын абалынын өзгөрүшүндө. Көпчүлүк учурда көп деле чыргоолонбогон бала ооруйт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!