Кыз бала эненин өмүрүн узартат

9-Янв. 2018, Шейшемби, 12:28

Уул менен кыз бала тапкан аялдарга узак жылдар бою изилдөө жүргүзгөн Фин окумуштуулары эркек баланы өмүргө алып келген аялдардын өмүр жашы кыска болот деген жыйынтыкка келишкен.

Буга чейин окумуштуулар кыздарга караганда, эркек баланы багып-чоңойтуу көп күч-кубат жумшашат, балдардын салмагы оор болгондуктан, бул аялдардын организмине терс таасир берет деп эсептешет. Эми мыны, Самули Хелле баштаган Түрк университетинин изилдөөчүлөрү бул божомолду тажрыйба түрүндө далилдеп беришти.

16611 аял менен 6360 эркектерди изилдегенден кийин, уул балдар энелердин өмүрүн кыскартып, кыз балдар тескерисинче, узартаары аныкташкан. Бирок баланын жынысы анын атасына эч таасиир тийгизбейт экен. «Бул эркектер аялдарга караганда урпак өстүрүүгө эне сыяктуу көп күч-кубат жумшабаарын көрсөткөн» дешет адистер. Бул кубулушту жаңы көз жарган аялдар организминдеги гармондордун өзгөрүүшү менен түшүндүрүштү. Ошентсе да , эркек бала төрөгөн аялдадын организми кыз төрөгөндөргө караганда тестостерондун өлчөмү көбүрөөк болгондугун көрсөткөн. Ал эми бул иммундук системага терс таасир берип, өмүрдү кыскарта түшөт экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!