Сак болуңуз! Кооптуу флешмоб пайда болду

13-Янв. 2018, Ишемби, 13:21

Бул оюндун мааниси төмөндөгүдөй жаштар кир жуугуч машинанын химиялык капсулаларын алып, аны жеп жатышат. Бул жосунсуз жорукту кийин ал курбусуна сунуш кылат.

Дарыгерлердин пикири боюнча, бул капсулалардын адам өмүрүнө тийгизген терс таасири көп экен. Себеби анын курамында этанол, полимер жана суутек кычкылы бар. Кээ бир учурларда мындан адам өмүрү менен кош айтышы да мүмкүн.

“Fox News” басылмасы бул флешмоб 2015-жылы “The Onion” газетасына чыккан макаладан улам башталышы мүмкүн деп жатат. Ал газетада капсуланын түзүлүшү сүйкүмдүү болгону үчүн жеп койгон адам тууралуу макала жарыяланган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!