Баланы кантип смартфондон алыстатса болот?

23-Янв. 2018, Шейшемби, 13:11

Таиланддын тургуну баланы смартфонго экинчи карматпастын жолун тапты. Бул тууралуу “life.ru” сайты маалымдайт.

Балдарынын муну кандай кабыл алганын видеого тартып алып, жарыялаган.

“Менин балдарым телефондон башын алышпайт эле. Мен экрандын бетиндеги сүрөттү өзгөртүп койдум, эми алар ойногондон коркушат", - деп жазылган роликтин алдында.

Кадрдан аялдын өз балдарын "ойно" деп смартфон берип жатканын көрүүгө болот. Бирок, алар колдоруна алгысы келбей жатышат. Бир кезде аял баласын көндүрүп, колуна телефон берет. Бала блоктон чыгарган жатканда коркунучтуу сүрөттү көрүп ыйлай баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!