Магний айымдарга канчалык пайдалуу?

29-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 10:02

Бардык эле минералдар адам организмине пайдалуу. Мына ошол минералдардын ичинен да магний аялдардын ден соолугуна көбүрөөк таасирин тийгизээрин адистер айтып келет.

Магнийдин организмдеги өлчөмүнүн нормалдуу болуусу кош бойлуу кезде түйүлдүктүн чоңоюсуна жакшы таасирин тийгизет. Ошондой эле «стресске каршы элемент» болуп саналып, кан айлануу системасын да жакшыртуучу күчкө ээ.

Магнийдин организмдеги деңгээли айыз циклине жараша өзгөрүп турат. Анын өлчөмү бул учурда кадимкидей азайып кетет. Ал эми анын азайуусу үшүкчөөл болуп, алсырап, чарчап, туталанып жана салмактын тез-тез өзгөрүп туруусуна алып келет. Магнийдин жетишпестиги өзгөчө кош бойлуу убакта баланын салмагынын аз же болбосо ара төрөлүп калуу коркунучун туудурат.

Ал белоктун, көмүртектин жана майдын алмашуусун жөндөп, энергия бөлүп чы-гарат. Сөөктөрдүн бекем жана ийилчээктигине жардам берип, кальцийди жөнгө салат. Магний менен кальцийдин организмде өз ара аракеттешүүсү жүрүп, эки элементтин өлчөмү тең салмакта болуусу зарыл. Бул элементтин азайып кетүүсү-нө эмне себеп? Магнийдин балансы организмде тез бузулат. Анын үстүнө биздин тамактануубузда аталган минералдын өлчөмү өтө эле аз. Учурда биз күнүнъ нор-малдуу өлчъм деп эсептел-ген 300-350 мг. эмес, анын жарымын алабыз. Ал эми магнийди организмден мисалы, кока-коладагы орто-фосфор кислатасы жана түрдүү консерванттар, кошулмалар чыгарып таштайт.

Магний жетишпестигинин симптомдору:

- депрессияга бат түшүү

- көңүлдүн түшүүсү, кыжырдануу

- уйкусуздук

- баш оору

-бат чарчоо
- үшүкчөөлдүк

- вирустук жана бактериялык ооруларга бат чалдыгуу.

Магний жаңгакта, бадамда, жер жаңгакта, сояда, бананда, мейизде, кесек тар-тылган ундан жабылган нанда көп болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!