Джефф Безос балдарына эмнелерди үйрөтөт?

10-Фев. 2018, Ишемби, 11:33

Дүйнөнүн эң бай адамы, “Amazon” компаниясынын башкы директоры Джефф Безос өзүнүн чыгармачылык касиеттери менен көйгөйлөрүн чечүү үчүн салттуу эмес ыкмаларды колдонуу менен бактысына жеттти.

Ошондой эле анын аялы Маккензи Безос балдарынын тарбиясы жана билимине өзгөчө маани берет.

Маккензи Безос “Vogue” журналына берген маегинде: «Биз ар түрдүү ыкмаларды колдонуп көрүүдөбүз: саякатоо, кытай тилин үйрөнүү, Сингапур математика программаларын өздөштүрүү, ар түрдүү балдар үчүн арналган клубдарга барып, коңшу балдар менен спорттук оюндарды ойнойбуз жана башка ушул сыяктуу балдарга пайдалуу ийримдерге катышабыз» ,-деп билдирген.

Изилдөөлөргө шайкеш, экинчи тилди үйрөнүү балдарды тарбиялоодо өтө пайдалуу. Ал эми командалык иш-чаралар балдарды биримдикте иш алып барууга үйрөтөт.

Сингапурдагы математика программасы деген эмне?

“Усталык ыкма” же болбосо Сингапур математикасы катары белгилүү. Көбүнчө ал Шанхайда, Кытайда жана Сингапурда колдонулган математика сабагын окутуу методу.

Сингапур математикасы – окуучулардын математикалык жөндөмдөрүн өрчүтүүгө, жөнөкөй мисалдарды колдонуу менен күнүмдүк жашоодо жардам берүүчү окуу программасы.

Бул окутуу методунда окуучулар өздөрү алгач математика сабагын өздөштүрө башташат. Качан гана алар билгилүү бир тепкичке жеткенде, мугалим аларга жеңилинен ооручулуга карай сабакты түшүндүрө баштайт. Эң башкысы топтогу ар бир бала эмне окуп жаткандыгы тууралуу так түшүнүүсү керек. Окутуунун максаты – сабактагы баардык окуучулар теманы терең өздөштүрүүсүн камсыз кылуу керек. Эгер бирөөсү гана түшүнбөй, артта калып жатса анда ал жакшы өздөштүрмөйүнчө башкалар аны күтүп өткөн теманы тереңдеп окуй беришет.

Эссекс Университетинин мугалими Алексей Верницкийдин айтуусу боюнча, “усталык ыкмада” окуучулар күчтүү идеяларды ишке ашыруудан мурда алар белгилүү бир темада билим алышат.


Бул окутуу ыкмасын колдонгон Шанхай мектептеринин окуучулары интелекттуалдык жөндөмдөрүнө карата бөлүнбөйт. Тескерисинче, бардык окуучулар бирдей тапшырмаларды бир убакытта жасашат. Ошондой эле белгилүү бир сабакты толук үйрөнүп чыгышат.

Бул ыкманы АКШнын мектептери менен салыштырсак, ал жакта “менталдуу” математика ыкмасы колдонулат. Тагыраак айтканда, жалпы математика интуиция аркылуу үйрөтүлүп, чечимди белгилүү бир ыкма менен кыскартат.

Мисалы, Верницкийдин айтымы боюнча, “менталдуу математика ыкмасын колдонгон окутуучу, бара бара сандарды кошкондуу окутуп, картонду жыйноонун өзгөлүктөрүн же башка дагы заттарды чогултуу процессин үйрөтөт”.

“UCL” Билим институту менен Кембридж университети 2015-жылы Англиядагы 140 мектепте жүргүзүлгөн изилдөөсүнө ылайык, математика билим берүүдөгү ылдамдыкты жогорулатууга алып келет деген чечимге келишкен.

Мындан тышкары, дүйнөдөгү 15 жаштагы окучулардын математика, илим жана окууга жөндөмдүлүгүн баалап, “2015 PISA”нын маалыматтары боюнча, Сингапур дүйнөнүн ар түрдүү тармагы боюнча өнүккөн өлкөсү болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!