Баланын бою узун болсун десеңиз

1-Март 2018, Бейшемби, 11:39

«Алма дарагынан алыс түшпөйт» деп бекер айтылбаса керек. Албетте ар бир бала ата-энесин тартары анык эмеспи. Баланын боюнун өсүүсү өзүн-өзү өнүктүрүүсүнүн орду өзгөчө. Тагыраагы, туура тамактануу менен бирге спорт менен машыгуу да кирет. Баланын «А» витамини бар тамактарды көп жегени жакшы таасир берет. Бул витамин боордо, сүттө, жумуртканын сарысында, ошондой эле, сары, кызыл жемиштерде сабиз, кызылча, ашкабакта болот.


Бойду өстүрүүгө арналган витаминдерге бай балыкты да көп жеп турууну да унутпаш керек. Сөөктүн бекем болуусун камсыз кылып, бойдун өсүүсүнө кальцийдин пайдасы мол. Ал кызылча, бурчак кошулган тамактарда, сүттө болот. Баланы кичинекей кезинен туура тамактандыра билген оң. Бул салтты эненин курсагында жатканда да колдонгон ашыкча болбойт. Баланын боюнун өсүүсүнө кош бойлуу энелер колдонгон азык-түлүктүн таасири күчтүү дешет окумуштуулар.

Исландия, Дания жана Америка окумуштуулары эненин жатынындагы түйүлдүктүн түзүлүшүнө таасир берүүчү ар түрдүү тамактарга изилдөө жүргүзүп, сүттүн өзгөчөлүгүн аныкташкан. Бул тамакты туруктуу түрдө пайдаланган эненин баласы дени сак бою узун болот. Ал эми кош бойлуу аялдарга күнүнө 150 мл сүт ичигөө кеңеш беришет.

Муундун созулуп, бойдун узун болусу үчүн спорттун пайдасы маанилүү жана пайдасын тийгизет. Ошондуктан, баланын кичинекейинен спорт менен машыгуусуна көңүл бөлүңүз. Анткени, кандай гана учур болбосун, 1 пайыз канга тартса, 99 пайыз эмгек менен келерин унутпаганыңыз оң.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!