Балдар үчүн жашылча ботколору

20-Март 2018, Шейшемби, 17:33

Жашылча боткосу - балдардын организмине эң пайдалуу болгон тамак. Ботко жасоодо жашылчаларды тазалап жууп, капкагы жабылган идиште сырты менен кайнатуу сунуш кылынат. Муну менен сиз жашылчадагы бардык витаминдерди жана минералдык туздарды сактап калган болосуз. Эң негизгиси С витамининин бузулушуна жол бербөө керек, бул үчүн жашылчаны көп кайнатпоо зарыл. Ошондой эле боткону балаңызга даярдап бүтөөрүңүз менен бериңиз, аны ысытууга болбойт - витаминдерин жана даамынын сапатын жоготот. Балдардын жаш курактарын эске алуу менен бирге жаш энелерге ботконун бир нече түрүн сунуштайбыз.

Картошка жана капуста боткосу

5-6 айлыктан жогорку балдар үчүн

Керектүү азыктар:

1 даана орточо чоңдуктагы картошка

200 грамм капуста

Жасалуу жолу:

1. Картошканы аарчып, бөлүктөргө бөлөсүз да, жай отко 10 мүнөт кайнатасыз. Эске салчу нерсе, жашылчанын үстүнө кайнак суу куюңуз, ошондо витаминдер жакшы сакталат.

2. 10 мүнөттөн соң кайнап жаткан картошканын үстүнө капустанын жалбырактарын саласыз. Дагы 10 мүнөттөй (жумшаганга чейин) кайнатасыз.

3. Бир аз эле суюктук калтырып, суусун төгүп саласыз. Жашылчаларды жакшылап эзип, ага эмчек сүтүңүздөн кошосуз. Эгер балаңыз чоңураак болсо, боткого өсүмдүк майынан же каймак майдан азыраак аралаштырып койсоңуз болот. Боткого туз кошпой эле койгон оң.

Сабиз печеньеси

1,5 жаштан жогорку балдар үчүн

Керектүү азыктар:

1 кг сабиз

4 даана жумуртка

2 чоң кашык өсүмдүк майы

2 стакан кумшекер

2 стакан ун

Жасалуу жолу:

1. Сабизди жууп, туздуу сууга кайнатасыз. Бышкан соң кабыгын аарчып, майдалап эзесиз.

2. Боткону муздатып, ага өсүмдүк майын, жумуртканы, кумшекерди кошуп аралаштырасыз.

3. Алынган аралашмага унду кошуп, камыр жасайсыз.

4. Камырды калыңдыгын 1 сантиметрдей кылып жайып, төрт бурчтук формасында кесесиз.

5. Печеньени духовканын майланган калыбына тизип, 250 градустук температурада 15-20 мүнөт кармайсыз.

Котлет

1 жаштан жогорку

балдар үчүн

Керектүү азыктар:

2 даана орточо чоңдуктагы сабиз

1 даана жумуртка

2 чоң кашык ун

Туз

Жасалуу жолу:

1. Сабизди аарчып, майда кыргычтан өткөрөсүз.

2. Сабиздин үстүнө жумуртканы чагып, аралаштырасыз. Унду кошуп, дагы аралаштырасыз. Бир аз туз кошуп койсоңуз болот.

3. Бул аралашмадан котлет жасап, бууга бышырасыз. Балаңыз 3 жаштан өткөндөн кийин котлетти майга кууруп берсеңиз болот.

4. Даяр болгон котлетти каймак менен же йогурт менен берсеңиз болот.

Тоок эти менен картошка боткосу

Керектүү азыктар:

200 грамм картошка

100 грамм тоок эти

50 грамм сүт

2/1 кичине кашык каймак май

Жасалуу жолу:

1. 100 грамм тоок этинен жасалган майсыз шорпого сабиз, картошка кошуп кайнатасыз.

2. Бышкан тоок этин шорподон чыгарып алып терисин сыйрып, майдалап туурайсыз.

3. Картошка менен сабизди да чыгарып алып эзип, ага майдаланган тоок этин кошосуз.

4. Андан соң үстүнө кайнап жаткан сүттү куясыз.

5. Боткону отко коюп, бир аз аралаштырып туруңуз.

6. Анан оттон чыгарып, каймак май кошосуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!