Бала уктабай койгондо эмне кылыш керек?

23-Март 2018, Жума, 12:17

Эң алгач баланын эмнеге уктабай жатканын аныкташ керек.

1. Уктоочу маалы өтүп кеткен
Баланын күндө уктоочу маалы өтүп кеткен жана анын экинчи деми ачылган. Баланын уйкусу келбегендей көрүнөт, бирок чындыгында бала тынчтана албай жатат деген сөз. Кечке карай баланын оюндары дагы жай болуш керек.

2. Кызыктуу иштөр өтө көп

Конструктор жыйнала элек, сүрөт толук боёлуп бүтө элек жана башка. Бала ушундай бүтпөгөн иштери көп болгондуктан да уктагысы келбейт.

3. Ата-энесинен ажырагысы келбейт

Күнү бою балаңыздын жанында боло албасаңыз, бала кечкисин сизден ажырагысы келбейт.

Эмне кылуу керек?

Мунун жообу баланы уйкуга туура даярдоо, тагыраагы убакытты туура пландоо. Даярдыкты керектүү убакыттан бир же бир жарым саат мурда башташ керек.

Жаркырап турган төбөдөгү шамдарды өчүрүп, бир аз гана жарык кылып коюңуз. Бул уйку гармону мелатонинди өндүрүүгө жардам берет. Баардык оюнчуктарды жыйнап, түндө кийген кийимин даярдаңыз. Жана баланы кучактап, эмоционалдык байланыш орнотуңуз. «Күнүң кандай өттү?», «Бүгүн кандай кызыктуу нерселер болду?» деген суроолорду берип, баланы мемиреген абалга алып келип тынчтандырыңыз. Эртеңки күнүн пландап талкуулаңыз. Китеп окуп, жомок айтып бериңиз. Ошол кезде баланын өзү уйкуга кете баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!