Мигранттар Кыргызстанга1 млрд. доллар которушту

Мигранттар Кыргызстанга1 млрд. доллар которушту
17-Июль 2018, Шейшемби, 12:26

Чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттары 5 айда Кыргызстанга 972,3 млн. доллар акча которушту. Бул тууралуу Улуттук банктын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу 120 млн. долларга көптүк кылат. Россияда эмгектенген мигранттар акча которуулар боюнча алдыда турат. Россиядан 954, 4 млн. доллар которушкан. Андан кийин чоң көлөмдөгү каражат АКШдан келген.

Ал эми Кыргызстандан башка өлкөлөргө 5 айда 196,1 млн. доллар которулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!