"Кыргыз почтасынын” кызматкери 533 миң сомду кайтарды

3-Авг. 2018, Жума, 11:20

«Кыргыз-Почтасы» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаардык филиалынын жооптуу кызматкери сол чөнтөккө солоп алган 533 миң 100 сомду мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети берген маалыматтар боюнча, Базар-Коргон райондук почта жана жол кыймылын камсыз кылуу бөлүмүнүн айрым кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүп алып, жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча админстративдик чараларды фиктивдүү түрдө каттап, айыптарды төлөө үчүн түшкөн акча каражаттарды “ап” этип алып турушкан.

Ошондой эле Базар-Коргон районунун «Кыргыз Почтасы» мамлекеттик ишканасы 440 даана протоколдордун жетишсиздиги жана 175 даана админстративдик укук бузуу жөнүндө протоколду жасашканды аныкталган.

Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке келтирилген зыян 533 миң 100 сомду түзгөн.

УКМКнын материалдары боюнча, Базар-Коргон райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык жасалмачылык) жана 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө улантылып, тийиштүү адамдар сурак берип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!