Финполиция 63 млн сомдон ашык акча которду

7-Авг. 2018, Шейшемби, 12:06

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 80 миллион 14 миң 470 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Мурда, атайын эсепке 63 миллион 362 миң 758 сом которсо, бирдиктүү депозиттик эсептеги акча каражаттарынын жалпы суммасы 143 миллион 377 миң 228 сомду түздү.
Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!