Финполиция 8 млн сомго жакын акча которду

Финполиция 8 млн сомго жакын акча которду
5-Сен. 2018, Шаршемби, 09:54

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 7 миллион 789 миң 713 сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бирдиктүү депозиттик эсепке ЭККМК которгон акча каражаттарынын жалпы суммасы 158 миллион 575 миң 464 сомду түзгөн.
Бул которуу “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ишинин натыйжасында мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298 токтомун аткаруу үчүн ишке ашты.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы “бирдиктүү депозиттик эсеп” ачылгандан тартып 158 миллион 575 миң 464 сом которду

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!