Карыз 260 млрд. сомдон ашты

Карыз 260 млрд. сомдон ашты
5-Сен. 2018, Шаршемби, 13:25

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 2018-жылдын 30-июнуна карата 4 млрд. 411 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекеттик карыздын 86,3 пайызын сырткы карыз түзөт, башкача айтканда 3 млрд. 809 млн. доллар же 259 млрд. 711 млн. сом.

Ал эми ички карыздын суммасы 602 млн. доллар, ал жалпы карыздын 13,6 пайызын түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!