Финпол: Контрабандалык жол менен ташыгандар кармалды

Финпол: Контрабандалык жол менен ташыгандар кармалды
12-Сен. 2018, Шаршемби, 10:45

ЭККМК дагы “Скания R420” маркасындагы жүк ташуучу автоунаанын контрабандалык ташып кирүү фактысын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы “Zaman Kyrgyzstan” маалымат агенттигине кабарлады.

Маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финансы полициясы) райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери ЭККМКнын Ички териштирүү жана коопсуздук башкармалыгынын ыкчам маалыматы боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, мурун табылган коррупциялык схема боюнча мамлекеттик бюджетке тийиштүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн жүк ташуучу автоунаанын контрабандалык ташып кирүү фактысын аныкташты. Ушул жылдын 28-августунда “Кара-Көл” ТПКда “Скания R420” маркасындагы жүк ташуучу автомашина “Моно Транссервис” маркасындагы чиркегичи менен кармалган.

Бажы кызматынын эсебине ылайык, мамлекеттик бюджетке түшпөй калган бажы төлөмдөрүнүн суммасы болжол менен 900 миңден көп сомду түздү. 2018-жылдын 5-сентябрында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат көргөн чаралар менен келтирилген зыянды кайтарып алууга багытталган, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик бюджетке 1 миллон 231 037 сом суммадагы зыян толугу менен кайтарылып алынды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!