​731,8 млн. сом карыз кайтарылды

11-Май 2017, Бейшемби

2017-жылдын башынан бери бюджеттик ссудалар жана чет элдик насыялар боюнча 731,8 млн. сом кайтарылды. Бул тууралуу Бюджеттик насыяларды тескөө боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, карыздын кайтарылган суммасынын негизги бөлүгү 491,5 млн. сом, ал эми пайызы жана айыбы 240,38 млн. сомду түздү.

Каржы министрлигинин божомолу боюнча үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ссудалар жана насыялар боюнча карыздарды кайтаруу 3,7 млрд. сомду түзөт. Анын 2,67 млрд сому негизги карыз, ал эми пайызы менен айып бөлүгү 1 млрд. сомдон ашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!