Мамлекеттик карыз 4,16 млрд. долларга жетти

18-Май 2017, Бейшемби

Кыргызстандын ички, тышкы карызы 2017жылдын биринчи кварталында 95,4 млн. долларга көбөйдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин борбордук казналыгы билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын ичинде мамлекеттик карыз 4 млрд. 160,83 млн. долларга жетти.

Жылдын алгачкы 3 айында өскөн карыздын 61,2 миллиону сырткы карыз. Тактап айтканда, сырткы карыздын көлөмү 3 млрд 804 млн. долларга жетти. Анын 1.55 млрд. доллары Кытайдын Эксим банкынан алынган, Дүйнөлүк банкка 623 млн., Азия өнүктүрүү банкынан 573 млн., JICA уюмунан 246 млн. , Россиядан 240 млн. жана Эл аралык валюта фондуна 187 млн. доллар алынган.

Ал эми ички карыздын көрсөткүчү 34,3 млн. долларга өсүп, 357 млн. долларга жетти.

31-мартка карата мамлекеттин карызы Ички дүң өндүрүмдүн 57,7 пайызына барабар болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!