Чет өлкөдөн 444,4 млн. доллар которулган

25-Май 2017, Бейшемби

2017-жылдын биринчи кварталында сырттан акча которуунун көлөмү 444,4 млн. долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, которуулардын агымы өткөн жылга салыштырмалуу 142,6 млн. долларга өскөн.

Апрель айында 191 млн. доллар которулган. Анын 97 пайызы же 186,7 пайызы Россиядан келген. Ал эми өткөн жылы апрелде Россиядан келген акча агымы 150 млн. долларды түзгөн.

Алыскы чет өлкөлөрдөн 10,57 млн. доллар келген болсо, анын 6,8 миллиону АКШдан которулган.

Эскерте кетсек, 2016-жылы КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдөн жалпы 1,99 млрд.доллар котрулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!