​Россиядан акча которуу рекорддук чекке жетти

26-Май 2017, Жума

2017-жылдын алгачкы 3 айында Россиядагы Кыргызстандык эмгек мигранттары тарабынан 433 млн. доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында которулган акча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 67 пайызга көп. 2016-жылы мигранттар тарабынан жөнөтүлгөн каражаттын көлөмү 291 млн. долларды түзгөн.

Бул жылы жүргүзүлгөн которуулар рекорддук ченге жеткен. Буга чейин 2013-жылы 1-кварталда 411 млн. доллар которулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!