​Бажы кызматынан 14,9 млрд. сом түштү

7-Июль 2017, Жума

2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында Мамлекеттик бажы кызматы 14,9 млрд. сом бажы төлөмүн жыйнаган. Бул тууралуу Мамлекттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6 ай ичинде бажы кызматы болжолдогон планды 101,8 пайызга аткарган же 261,4 млн сомго көп бажы төлөмүн чогулткан. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,8 млрд. сомго же 14,1 пайызга көп жыйналган.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын биринчи алты айында 13,1 млрд. сом чогултулган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!