​Билим берүүгө 22 млрд. сом жумшалды

8-Сен. 2017, Жума, 12:57

Үстүбүздөгү жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен респуликалык жана жергиликтүү бюджеттен билим берүү тармагына 22 млрд. 140,4 млн. сом чыгымдалган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, билим берүүгө жумшалган каражат 8 айдын ичинде 279,9 млн. сомго көбөйгөн.

Жумшалган каражаттын көпчүлүгү билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин айлык акысына жумшалып, ага 13 млрд. 339,45 млн. сом сарпталган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!