​Өзбек сумунун девальвациясы сомго таасир эткен жок

26-Сен. 2017, Шейшемби, 11:37

Өзбекстандын валютасынын девальвация болушу сомго таасир тийгизген жок. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш маалымат жыйында билдирди.

“Өзбекстандын улуттук валютасын эркин агымга коюу чечими Кыргызстандын каржылык рыногуна таасирин тийгизген жок. Буга чейин өзбек валютасы расмий жана көмүскө сатылып келген. Чек арага жакын аймактарда калк көмүскө базардагы курс менен акча алмашып келишкен. Учурда расмий курс базар баасына теңелди”,- деди Нурбек Жеңиш.

Эскерте кетсек, 1 сумдын наркы 0,01 сомго барабар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!