​Акча которуу 28,8 пайызга жогорулады

26-Сен. 2017, Шейшемби, 13:05

Устүбүздөгү жылдын январь-июль айларынын аралыгында акча которуунун көлөмү 1 млрд. 100 млн. долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымына караганда, акча которуунун жогорулашы өлкөнүн экономикасына оң таасирин тийгизип жатат.

“7 ай ичинде акча которуунун агымы былтыркы жылга салыштырмалуу 28,8 пайызга жогорулаган. Которууну негизги үлүшү же 95 пайызы Россиядан келет”,-дейт Нурбек Жеңиш.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!