​Сырткы карыз 90 млн. долларга көбөйдү

10-Окт. 2017, Шейшемби, 10:05

Мамлекеттик карыз бир айдын ичинде 92,7 млн. долларга өстү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сентябрь айына карата мамлекеттин ички сырткы-карызынын жалпы көлөмү 4 млрд. 378,71 млн. долларды түздү. Сом менен алганда карыз 300 млрд. 764,62 млн. сомду камтыйт.

Сырткы карыз 3 млрд. 984.54 млн. доллар, ал эми ички карыз 394.7 млн.

Эскерте кетсек, 31-июлга карата карыздын көлөмү 4 млрд. 286 млн. долларга барабар болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!