Улуттук банк 19,45 млн. доллар сатты

9-Ноя. 2017, Бейшемби, 17:03

Улуттук банк доллардын курсун турукташтыруу үчүн 19,45 млн. доллар сатыкка чыгарган. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, интервенцияга чыгарылган сумманын 13,2 млн. доллары банктарга берилген. Ал эми калган бөлүгү 6,25 млн. доллары кийинчерээк алынат.

Интервенция 1-ноябрдан берки доллардын наркынын жогорулоосунан улам жасалган.

Эскерте кетсек , ноябрдын башында доллардын курсу 0,8 сомго жогорулаган же 68,74 сомдон, 69,58 сомго чейин өскөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!