2017-жылы карыз 326,13 млн. долларга көбөйгөн

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 11:25

Бир айда Кыргызстандын мамлекетик карызы 12,16 млн. долларга өстү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери карыз 326,13 млн. долларга көбөйгөн. 30-сентябрда мамлекеттик карыз 4 млрд. 366,55 млн. долларды түздү. Анын ичинде, мамлекеттин тышкы карызы бир ай ичинде 16 млн. долларга өскөн. Ички карыз болсо 4 млн. долларга жогорулаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!