Эки миң сомдук жаңы купюра чыгарылды

14-Ноя. 2017, Шейшемби, 17:34

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына жана сомдун 25 жылдыгына карата 2 миң сомдук жаңы купюра чыгарылды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Кулматов билдирди.

“Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына жана сомдун 25 жылдыгына карата 2 миң сомдук жаңы купюра чыгарылды. 2 миң сомдук банкнот үстүбүздөгү жыдын 17- ноябрында колдонууга берилет. Өлкөнүн аймагында башка банкноттордой эле соода каражаты катары күчкө ээ”,-дейт Кулматов.

Аталган банкнотту терминалдар кабыл албайт.

Бул банкнотторду терминалдар кабыл албайт. Техникалык жактан мүмкүн эмес себеби бул банкнот бир тираж менен гана чыгарылды. Башка чыгарылбайт. Мындай банкноттор акыркы эмес ар кандай мааракелүү даталарга арналып чыгарылып турат”,-деп кошумчалап кетти Кулматов.

Бул банкнот байыркы мезгилден биздин күнгө чейинки кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхын чагылдырган өзгөчө дизайнга ээ. Ошондой эле коргоо белгилерини жаңы түрлөрү менен корголгон.

Банкноттун алдыңкы бетиндеги негизги сюжетте Манас баатырдын эстелиги стилдештирилген оюулар менен чагылдырылган. Ошону менен бирге байыркы түрк элдеринин жаратуучусу катары саналган Умай Эне символу тартылган. Ошондой эле көчмөндөрдү турагы болгон боз үй түшүрүлгөн.

Ал эми арткы бетинде кыргыз элинин өнүгүүсүн символу болгон өмүр багы чагылдырган. Ошондой эле асман тиреген Хан-Теңир тоосу, Ысык-Көлдүн фонунда канатын жайган бүркүт жайгаштырылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!