​Мамлекеттик карызга 254 млн. доллар керектелди

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 13:24

Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик карызды жабууга 17,7 млрд. сом жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 10 айында мамлекеттик сырткы карызды жоюуга 8,4 млрд сом багытталган. Ал эми ички карызга 9,4 млрд. сом багытталган.

Карызды төлөөгө жумшалган каражаттын көлөмү өткөн жылдагы көлөмдү камтыган.

Эскерте кетсек, 1-октябрга карата 4,4 млрд. доллар же 300 млрд. сомду түзгөн. Анын 4 млрд. сырткы, 400 млн. ички карызды түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!