Улуттук банк 9 ирээт акча рыногуна чыкты

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 10:37

Улуттук банк айдын башынан бери тогузунчу ирээт доллар сатты. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-ноябрда банк дагы бир жолу сомдун наркын кармоо аракетинде интервенция жүргүзүп, 4,5 млн. доллар сатты.

8-ноябрдан бери банк мамлекеттин алтын валюталык резервинен сомдун наркын кармоо үчүн 42,65 милллион доллар чыгымдады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!