Мамлекеттик карыз 292,1 млн. долларга өстү

13-Дек. 2017, Шаршемби, 16:26

Каржы министрлиги үстүбүздөгү жылдын 11 айында мамлекеттик карызды жоюуга 19 млрд. сом же 273 млн. доллар сарптады. Бул тууралуу Каржы министрлигинин борбордук казналыгы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекеттик карызды жоюуга өткөн жылдагыдан 500 млн. сомго аз каражат жумшалган. Анын 9,1 млрд сому сырткы карыз үчүн керектелсе ички карызды кыскартууга 9,9 млрд. сом керектелген.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери мамлекеттик карыз 7,2 пайызга же 292,1 млн. долларга өсүп 1-ноябрга карата жалпы карыздын көлөмү 4 млрд. 357.5 долларды түзгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!