​Баалуу кагаздан 14,2 млрд сом түштү

16-Дек. 2017, Ишемби, 10:53

Үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 14 млрд. 277 млн. сом бюджетке түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекеттик баалуу кагаздардын ичинен казналык облигациялар кирешелүү болгон. Анын кирешесинен бюджетке 10 млрд. 296,4 млн. сом түшкөн.

Ал эми казналык векселдерден өлкөнүн капчыгына 3 млрд. 980,74 млн. сом түшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!