​Валюта фонду Кыргызстанга насыя бөлөт

19-Дек. 2017, Шейшемби, 13:49

15-декабрда Эл аралык валюта фондунун аткаруучу кеңеши Кыргызстанга 26,9 млн. доллар жеңилдетилген насыя берүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу аталган фондун билдирүүсүнөн улам белгилүү болду.

Маалыматка караганда, кеңейтилген насыя механизми боюнча насыя нөлдүк пайыздык түзүм менен берилет. Эчкандай төлөм жүргүзүлбөөчү жеңилдетилген мөөнөтү 5,5 жыл, ал эми төлөө мөөнөтү 10 жыл.

Кеңейтилген насыя механизми боюнча алынган насыянын жалпы көлөмү 80,7 млн. долларды түздү.

Белгилүү болгондой алынган насыя бюджеттин тартыштыгын жабууга керектелет.

Эскерте кетсек, 2017-жылы бюджеттин тартыштыгы 20,8 млрд. сомго жетери болжолдонгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!