Өлкөнүн эл аралык резерви жогорку чекке жетти

8-Фев. 2018, Бейшемби, 11:22

Январь айында Кыргызстандын эл аралык резерви 43,95 млн. долларга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн айда өлкөнүн эл аралык резерви 2 млрд. 220,44 млн. долларды түзгөн. Бул акыркы үч жылдагы эң жогорку көрсөткүч.

2017-жылы өлкөнүн резерви 237,37 млн. долларга өскөн эле.

Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын курсу кескин өзгөрүп кетпөөсү үчүн эл аралык резервди колдонот.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын январь айында эки жолу интервенция өткөрүп, валюта рыногуна 9 млн. 650 миң доллар сатылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!