Дүйнөлүк акча жумалыгы башталды

13-Март 2018, Шейшемби, 15:18

Кыргызстанда Дүйнөлүк акча жумалыгы төртүнчү жолу өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымына карганда, дүйнөнүн 100 өлкөсүндө өткөрүлүп жаткан акча жумалыгынын алкагында көптөгөн иш-чаралар өтөт. Алар: мектептерде ачык сабактар, банктарда ачык эшик күндөрү, бизнес жарманкелери, эссе жазуу.

“Биз Дүйнөлүк акча жумалыгына старт бердик, ал 2018-жылдын 18-мартына чейин уланат. Бир жума бою биз коммерциялык банктар жана мамлекеттик органдар менен бирге элдердин каржылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрөбүз. Дүйнөлүк акча жумалыгынын максаты - бул калктын, жаштардын жана балдардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу. Былтыр биз Дүйнөлүк акча жумалыгын өткөрүп, жакшы жыйынтык алдык. Дээрлик 700гө жакын иш-чара уюштурулуп, ага 25 миң адам катышкан. ЖМКда маалымат жарыялоонун алкагында 1 млн 600 миң адам камтылган ”,-дейт Т.Абдыгулов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!