“Apple” кызыл түстөгү “iPhone” чыгарды

10-Апр. 2018, Шейшемби, 17:24

“Apple” корпорациясы сырткы корпуск кызыл түстө болгон “iPhone 8” үлгүсүн тааныштырды. Бул тууралуу “lenta.ru” сайты билдирет.

“iPhone”дун жаңы үлгүсү компаниянын кайрымдуулук иш-чарасынын негизинде чыгарылган. Бул долбоор “RED” деп аталат. Ошондуктан, булл смартфондон түшкөн каражатын жарымы дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү фондуна түшөт.

Кызыл түстөгү смартфондорунун “iPhone 8” жана “8 Plus” үлгүсү гана чыкмакчы. Ал эми корпусу кызыл болгон “iPhone X” чыгарылбайт.

Смартфондорду сатуу 13-апреле башталат. Алардын баасы болжол менен 700 доллар турмакчы.

Эскерте кетсек, “Apple” корпорациясы ушундай кайрымдуулук акциясынын негизинде 2017-жылдын март айында кызыл түстөгү “iPhone 7” чыгарган эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!