Эми “Instagram” аркылуу жеке даректерди көчүрүп алууга болот

14-Апр. 2018, Ишемби, 10:38

Жаңы функциянын жардамы менен колдонуучулар социалдык тармак аркылуу бөлүшкөн баардык нерселерин көчүрүп ала алышат. Бул куралды жакынкы күндөрү колдонууга мүмкүн болот. Бул тууралуу “КорреспонденТ” сайты кабарлайт.

“Instagram”дын өкүлдөрү билдиргендей, бул функция үчүн атайы курал даярдалып жатат.

Жеке даректерди сактоого арналган бул кызмат милдеттүү түрдө болуш керек. Бул талап Интернеттеги маалыматтардын коргоо, көчүрүү тууралуу Европанын мыйзамында көрсөтүлгөн. Ал ушул жылдын 25-майынан тартып күчүнө кирет.

Азыркы учурда бул курал аркылуу кантип жана кандай маалыматтарды көчүрүп алууга боло тургандыгы тууралуу маалымат жок.

Бул жалаң гана сүрөттөрдү гана эмес, ошону менен бирге жеке каттарды, достордун тизмегин жана башка маалыматтарды көчүрүүгө болот деген божомол бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!