“Telegram” соттун чечимине каршы чыкты

19-Апр. 2018, Бейшемби, 10:40

“Telegram” тиркемесинин адвокаттары мессенджерди тез арада жабуу тууралуу соттун чечимине каршы чагымданып жатат. Адвокаттардын пикири боюнча, сотто бирда-бир так далил айтылган эмес. Ушундайча "Агора" адвокаттар тобунун өкүлү Павел Чиков маалымдады.

Роскомнадзордун аракетине карабастан, жаап салуунун биринчи күнү Россиядагы “Telegram”дын колдонуучуларынын саны азайган жок. Бул тууралуу мессенджердин ээси Павел Дуров айтты. Анын пикири боюннча, россиялыктар тыюу салууларды айланып өтүү үчүн “VPN” менен прокси-серверди колдонуп жатышат.

“Telegram”ды Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы колдонуучулардын каттарынын шифр ачкычтарын бербегени үчүн жаап жатат.

16-апрелде Россияда сот чечимине ылайык “Telegram” мессенджери жабыла баштаган. Роскомнадзор ошону мепнен бирге тыюу салынган сайттарга кирүү куралдарын да жаба тургандыгын маалымдады.

7-апрелде Роскомнадзор Россияда тыюу салынган “Telegram” тиркемесин “App Store” менен “Google Play” интернет дүкөндөрүнөн өчүрүүнү да талап кылган.

Россия боюнча “Telegram” колдонуучуларынын саны - 15 миллион. Бул дүйнөдөгү месенджерге тиркелгендердин 7 пайызын түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!