Рак клеткаларын аныктоочу компьютер чыгарылды (видео)

23-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 09:53

“Google” кызметкерлери рак клеткаларын аныктай турган «акылдуу микроскопту» жыл сайын өтө турчу “AACR” конференциясында тааныштырды. Бул тууралуу “Google Research” блогунда жарыяланды.

Адистердин айтуусу боюнча, компьютер чыныгы убакыт режиминде камерадагы сүрөттү анализден өткөрүп, зыяндуу жерди аныктап бере алат. Бул иштер эки эсе чоң экран аркылуу ишке ашат.

Корпорация кызматкерлеринин айтуусу боюнча, жөнөкөй ооруканалар менен изилдөө борборунда колдонулган жөнөкөй курал бул компьютердин негизи боло алат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!