“Apple”дын маанилүүлүгү “Amazon” менен “Google”дан төмөн

25-Апр. 2018, Шаршемби, 16:25

“Recode” жана “SurveyMonkey”дин изилдөөчүлөрү АКШда дүйнөлүк сурамжылоо жүргүзүштү. АКШнын тургундары коом үчүн эң маанилүү компанияларды аташты. Бул тууралуу “life.ru” сайты билдирет.

Изилдөөнүн натыйжасында “Amazon” компаниясы көч башчы болду. Респонденттердин 20 пайызы бул компаниянын дүйнөлүк мааниси коомчулук арасында чоң үлүшкө ээ деп санашат.

Экинчи орунда 15 пайыз добуш жыйнаган “Google” компаниясы турат. Ал эми “Apple” үчүлтикке кирип 11 пайыз жыйнаган.

Төртүнчү орунда – “Facebook”. Респонденттердин 10 пайызы анын кошкон салымы маанилүү деп санашат.

Эскерте кетсек, жақында компания коомчулуктун талкуусуна кабылып социалдык желеде 87 миллион адамдын жеке маалыматтары тарап кткен эле. Ошентсе да, АКШ жарандары бул маселеге маани беришпейт сыяктуу.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!